«Театр all» фестивалы уланууда

«Театр all» фестивалы уланууда

«Театр all» фестивалына 12 борбор жана 2 орус театралдык жамаат катышууда. Фестивалдын алкагындагы спектаклдер дагы 2 күн уланат. Бирок жабылуу аземи бүгүнкүгө белгиленген. Серепчилер кеңешинин мүчөлөрү фестивалдын жыйынтыгын чыгарып, 30 номинация боюнча жеңүүчүлөрдү сыйлашат. Жеңүүчүлөр мыкты режиссёр, драматург, композитор, сценарист, балет жана опера актёру, ошондой эле, мыкты эркек менен аялдын ролдору, экинчи пландагы мыкты эркек жана аялдын ролдору жана башка номинациялар боюнча аныкталат. «Театр all» фестивалынын алкагында спектаклдер гана эмес, мастер-класстар, көргөзмөлөр жана илимий-практикалык конференциялар да өтүүдө. Мында театр искусствосунун ардагерлери, адабият таануучулар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, өлкөнүн борбор шаарынын турмушундагы кайталангыс маданий окуяга баа беришет.

Асанали Ашимов, Казакстандын Эмгек Баатыры:

- Бүгүн фестивалдын 4-күнү. Калыстар тобу өз чечимин чыгарып, номинация боюнча театрлар сыйланат. Аны кечинде жарыялайбыз. Бул күндөрү фестиваль абдан жакшы өттү. Жакшы спектаклдер болду. Албетте, күнүнө 4 спектакль көрүү, анын баарына баа берүү оңой иш эмес. Сахнага классикалык чыгармалар, казактын улуттук чыгармалары алынып чыкты. Ар дайым ар тараптуу болгондугу жакшы. Бул чыгармачыл театрлардын сынагы, тажрыйба топтоого чоң жардам берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков