Адай жылкысы эл аралык мелдешке түшөт

Дүйнөнү таң калтырган Адай жылкысы улуттук бренд макамын алуусу мүмкүн. Айрыкча чөлгө, алыскы аралыкка чыдамдуу аргымактар ​​расмий макам алуу үчүн эл аралык мелдештерде сыналат. Бул үчүн Мангыстауда 100 чакырым аралыкка ат чабыш боюнча эл аралык турнир өткөрүлөт. Мелдешке Бириккен Араб Эмираттарынан келген калыстар көз салат.  Адистердин айтымында, казактын асыл тукум жылкысы дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарды алып келген араб аргымактарынан кем калышпайт. Турнирге өлкөнүн бардык аймактарынан 30дан ашык күлүктөр катышат. Байге жарыш 4 этаптан турат. Чабандестер 30 жана 20 чакырым аралыктарды бир нече айлампада басып өтүшү керек. Ар бир турдан кийин аттардын абалы кылдат текшерилет. Белгилей кетсек, буга чейин президент Касым-Жомарт Токаев өкмөткө Адай жылкысын асыл тукум мал катары илимий жактан таануу жана көбөйтүү боюнча зарыл иштерди жүргүзүүнү тапшырган. Азыр өзүнчө порода катары сыналууда. Бул иштер бештин айынын аягына чейин бүткөрүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков