Казакстан менен Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн ортосундагы соода жүгүртүү 30%га өсүшү мүмкүн. Бул орто мөөнөттүү өз ара соода алаканын дарамети дешет ата мекендик серепчилер. Бул болжолдоого жетишүү үчүн бирдиктүү экономикалык мейкиндикте электрондук сооданы өнүктүрүүгө көңүл бурулат. Башкача айтканда, уюмга төрагалык кылуунун алкагында Казакстан өнөктөш өлкөлөрдү бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө чакырат. Ал эми өз кезегинде маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн санариптик инфраструктураны жаңыртууну сунуштайт. Серепчилер кагазсыз жана тоскоолдуксуз соодадан ар бир өлкө пайда табат деп ишенишет. Жол менен убакыт маселесин чечет. Экинчи жагынан, товар жүгүртүү дагы көбөйөт.
Нурлан Күлбатыров, «QAZTRADE» соода саясатын өнүктүрүү борборунун башкы мүдүрүнүн биринчи орун басары:
– Бул артыкчылыктардын алкагында эки чоң конкреттүү демилге бар. Бул тышкы соода платформаларын өнүктүрүү болуп саналат. Экинчи учур - тышкы соода процедураларын оптималдаштыруу. Башкача айтканда, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, биздин өлкө аркылуу «Кытайдан Европага», «Европадан Кытайга» транспорт коридорлору өтөт. Ошондуктан, материктик Азия бөлүгүндөгү деңизге чыга албаган өлкөлөр үчүн бул тышкы соодадагы процедураларды иретке келтирүү абдан маанилүү. Казакстандын негизги багыттары бул соода коридорлорун натыйжалуу пайдалануу болуп саналат. Башкача айтканда, Казакстандын товарларын бардык базарларга тоскоолдуксуз жеткирүү.
Маселен, былтыр Казакстандан ШКУ өлкөлөрүнө 30 миллиард долларлык өнүм экспорттолгон. Уюмдун базарларына мунай, жез, темир, уран, болот, алтын, жаратылыш газы жана эгин жеткирилет. Бул кендердин көбү чийки зат түрүндө же жарым-жартылай иштетилген түрүндө жөнөтүлөт.
Нурлан Күлбатыров, «QAZTRADE» соода саясатын өнүктүрүү борборунун башкы мүдүрүнүн биринчи орун басары:
– Бул төрагалыктын алкагында өлкөбүз бир гана чийки затты эмес, кайра иштетилген өнүмдү сатууну көздөп жатат. ШКУнун алкагында азык-түлүк коопсуздугу көп талкууланат. Андыктан өлкө айыл чарба продукцияларын, анын ичинде кайра иштетилген айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоого ниеттенүүдө. Буудай эле эмес, өсүмдүк майы, кайра иштетилген азыктар да азыр чоң суроо-талапка ээ.
Белгилей кетсек, былтыр Казакстандын уюмга кирген өлкөлөргө экспорту бир жарым пайызга, ал эми жалпы соода 67%га өскөн. Бул болжол менен 66 миллиард долларга жетти.