Кыймылсыз мүлк инвесторлор үчүн эң жагымдуу тармак. Казакстанда капиталдык салымдардын жарымынан көбү ушул тармакка тиешелүү. Адистердин айтымында, бул көрүнүш жашоо деңгээлинин жогорулашына байланыштуу. Чет элдик инвесторлордун туруктуу түрдө кызыгуучулугун пайда кылган дагы бир багыт - бул транспорт жана логистика. Бул бекеринен эмес. «Батыш Европа - Батыш Кытай» эл аралык транспорттук коридору Казакстандын аймагы аркылуу өтөт. Буга кошумча, өлкөнүн борбору башка өлкөлөр менен 37 багыт боюнча байланышкан. Мунун баары чет элдик инвесторлордун өлкө экономикасына инвестиция салууга болгон каалоосунун өсүшүнө өз таасирин тийгизет.
Ержан Балтаев, «Astana Invest» башкарма төрагасы:
- Бул жерде эң маанилүү маселе бул - логистика. Европа менен Кытайдын ортосундагы соода-алмашуу Казакстан аркылуу, анын ичинде Нур-Султан шаары аркылуу өтөт. Ошондуктан кызыгуу жогору. Өлкөнүн жигердүү өнүгүп келе жатканын эске алуу менен рынок кеңейүүдө, логистикалык борборлор курулууда, курулуш материалдарын, тиричилик техникасын жана тамак-аш азыктарын чыгаруучу ишканалар ачылууда. Мына ушундай, кызыктуу багыттар өркүндөп келет.
Инвесторлорду кызыктырган дагы бир багыт - бул соода. Экономиканын кыймылдаткыч күчү болгон бул тармактын өнүгүшү ишкердикти өнүктүрмөйүн мүмкүн эместиги белгилүү. Акыркы жети жылдын ичинде бул тармакка жана борбордогу долбоорлорго 1,6 миллиард доллар чет элдик инвестиция тартылды.
Ержан Балтаев, «Astana Invest» башкарма төрагасы:
- Борбор калаага келген түз чет элдик инвестициялар бар. Бул жаатта карай турган болсок, биринчи орунда соода тармагы турат. Нур-Султандагы соода жүгүртүү 10 миллиард долларга жакын. Жана белгилей кетүүчү жагдай, борбордо импорт эмес, экспорт басымдуулук кылат. Бул көптөгөн чет өлкөлүк компаниялардын жана мунай компанияларынын башкы кеңселеринин ушул жерде жайгашкандыгы менен да байланыштуу. Албетте, бул жагдай эске алынат.
Белгилей кетсек, өнөр жай, медицина жана билим берүү дагы инвесторлор үчүн жагымдуу багыттар болуп саналат. Жалпысынан, акыркы он жылдын
ичинде өлкөгө инвестициялардын агымы 24 миллиард долларды түздү. Тике капиталдык салымдардын көпчүлүгү Нидерландия, Швейцария, Бельгия, Франция, Түркия, Германия жана башка өлкөлөргө тиешелүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков