Казакстанда ишкерлерди колдоонун дагы бир механизми иштей баштайт. «Өнүгүү фонду» жеңилдетилген насыя берүүгө арналган «Өрлөө» программасын иштеп чыгууда. Анын алкагында ишкердик кылам дегендерге 750 миллиард теңге каралууда. Жаңы программага микро, кичи жана орто бизнестин өкүлдөрү катыша алат. Инвестициялык долбоорлорду каржылоого 7 миллиард теңге, ал эми өндүрүштү кеңейтүүгө жана жүгүртүү каражаттарын толуктоого 3 жарым миллиард теңге бөлүнөт. Бул тууралуу «Өнүгүү» ишкерликти өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Талгат Смагулов билдирди.
Талгат Смагулов, «Өнүгүү» ишкердикти өнүктүрүү фонду» АК башкарма төрагасынын орун басары:
- Сыйлык ченеми 12,6%дан ашпайт. Инвестициялык долбоорлорду каржылоо 10 жылга чейин, жүгүртүү каражаттарына-36 айга чейинки мөөнөткө берилет. Мындан тышкары, кайра каржылоо каралган. Бирок кайра каржылоо 2025-жылдын үчтүн айынын 1нен баштап берилген насыяларга гана караштырылат. Программа боюнча артыкчылыктуу тармактар каралган. Алар өндүрүш, транспорт жана кампа, туризм, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактары.
Өткөн жылы насыяларды субсидиялоо аркылуу каржылоонун жеңилдетилген чаралары менен 17 миң бизнес-долбоор камтылган. Атамекендик ишкерлер мамлекет тарабынан 1 трлн теңге насыя колдоо тапты. 8 миң долбоорго кепилдик берилди. Белгилей кетсек, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча өлкө экономикасында чакан жана орто бизнестин үлүшү дээрлик 40 пайызды түздү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

