Түрк мамлекеттери арасында жеңилдетилген бажы коридору пайда болот

Түрк мамлекеттери арасында жеңилдетилген бажы коридору пайда болот

Казакстандык товарларды түрк мамлекеттеринин чек аралары аркылуу өткөрүү жараяны бир топ жеңилдейт. Ага жараша түрк мамлекеттеринен келген товарлар республикага тезирээк жеткирилет. Жүк жеткирүү наркы да төмөндөйт. Буга жеткирилген товарлар жана транспорт боюнча алдын ала электрондук маалымат алмашуу, ошондой эле ташылган жүктөрдү талдоо үчүн тобокелдиктерди башкаруу системаларын колдонуу көмөктөшөт. Ушул жана башка чаралар Түрк мамлекеттер уюмуна кирген өлкөлөрдүн ортосунда жөнөкөйлөштүрүлгөн бажы коридорун түзүү боюнча макулдашууда каралган. Документти бүгүн парламент ратификациялап, президенттин кол коюусуна жөнөттү. Сенаттын депутаттарынын айтымында, келишим эл аралык соода байланыштарын өнүктүрүүгө түрткү берет.

Нурлан Бекенов, Парламент сенатынын депутаты:

– Макулдашууну ратификациялоо Түрк мамлекеттери уюмунун өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө жана өз ара экономикалык интеграцияны бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Мыйзамдын ишке ашырылышы социалдык-экономикалык жактан оң таасирин тийгизет. 2024-жылдын 8-айында Казакстан Республикасынын түрк мамлекеттеринин уюмдары менен тышкы сооданын көлөмү 10,4 млрд долларды түзсө, товар жүгүртүүнүн 61% экспортко туура келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков