КМШ мейкиндигинде эң мыкты сапат белгисин Казакстандын 5 ишканасы алды. Ата мекендик өндүрүштөр тышкы рынокко да өз кызматтарын сунуштап келет. Алардын бири Нур-Султандагы басмакана борбору. 100 адам иштеген мекеме чакан бизнес субъектилеринин ичинен эң мыктысы аталса, Павлодар шаарындагы түтүк чыгаруучу ишкана ири бизнес түзүмдөрүнүн ичинен алдыга чыкты. Атыраудагы бекиткич тетиктерди чыгарган компания мунай жана газ тармагындагы эң мыкты кызмат көрсөтүүчү деп табылды.
Салтанат Абдикаримова, «Атамекен» улуттук ишкерлер палатасынын башкаруучу мүдүрү:
- Бизнес-жараяндарды жогорку стандартка ылайыкташтыруу кызматтардын жана жасалган өнүмдүн сапатын жогорулатууга жол ачат. Бул абалды эл аралык серепчилер баалап жатышат. Казакстандын 5 ишканасы мыкты деп табылды. Сынактын 17 жылдык тарыхында биз мындай көрсөткүчкө жетише элек болчубуз.
Мелдеш өндүрүшчүлөрдүн дараметин жакшыртуу жана өз ара сооданы көбөйтүү максатын көздөйт. «КМШнын эң мыкты сапаты» белгисине ээ болгон бизнес өнөктөштөр үч жыл бою өз өнүмдөрүн дүйнөлүк рынокко сунуштай алышат.
Ансабхон Закиров, Өзбекстан аккредитациялоо борборунун башчысы:
- Биз КМШ аймагындагы товар өндүрүүчүлөрдү дүйнөлүк рынокко чыгаргыбыз келет. Буга шарт түзүү зарыл. Метрология жана стандартташтыруу тармагындагы реестрге көптөгөн ишканаларды кошууну пландап жатабыз. Товар жүгүртүү КМШ аймагы менен гана чектелип калбайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков