Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, каражат боюнча субсидиялардын бардык багыттары өзгөрүүсүз калат. Ошондой эле, айыл чарба өсүмдүктөрү чарбачылыгындагы багыттар менен стандарттар сакталды. Ал эми мал чарбачылыгына келсек, чочко чарбасынан тышкары асыл тукум малды сатып алуу үчүн колдонулуп жаткан бардык субсидия нормалары өзгөрүүсүз калат. Мындан тышкары, товардык субсидиялар мурдагыдай эле калыбында болот. Бул жаатта үндүк эти жана сууда сүзүүчү канаттуулар төлөмү алынып салынды.
Инвестициялык субсидиялардын бардык түрлөрү жана багыттары системалаштырылган. Ошентип, субсидиялоонун жаңы принциптеринин негизги пункттары мамлекеттик колдоонун эффективдүүлүгү менен натыйжалуулугун жогорулатуу, каршы милдеттенмелердин аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү, санариптештирүүнүн эсебинен субсидияларды алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү болуп саналат. Буга чейин Айыл чарба министрлиги 2023-2025-жылдарга мамлекеттик колдоонун көлөмү жыл сайын болжол менен 400 миллиард теңгени түзөрүн билдирген. Агроөнөр жай комплексин субсидиялоонун негизги түрлөрүнө арыздар бирдин айынын 1нен тартып кабыл алынат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков