Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун серепчилери жалпы улуттук референдум өткөрүү тууралуу пикирлерин билдирди

Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун серепчилери жалпы улуттук референдум өткөрүү тууралуу пикирлерин билдирди

Бул өлкөдө системалуу демократиялык кайра куруулар уланып жатканын ачык-айкын көрсөткөн тайманбас саясий кадам. Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун талдоочулары президенттин референдум өткөрүү демилгесине төмөнкүдөй баа беришти. Арман Токтышаковдун айтымында, аталган демилге биринчи кезекте казакстандыктардын бийликке жана мамлекетке болгон ишенимин арттырат. Белгилей кетсек, Казакстанда акыркы референдум 1995-жылы өткөн. Ошондон бери баш мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор элдин катышуусусуз киргизилип келет.

Арман Токтышаков, Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун серепчиси:

- Бул кеңири таралган эл аралык тажрыйба. Биздин Конституцияда бар. Буга чейин анын колдонулбай келгендиги башка маселе.

Мамлекет башчысы жалган куран айынын 16сы элге кайрылуусунда өлкөнүн башкы мыйзамына өзгөртүү киргизүү зарылдыгын билдирген. Анын 33 беренесине 56 түзөтүү киргизилери күтүлүүдө.

Арман Токтышаков, Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун серепчиси:

- Президенттин ыйгарым укуктары кыскарып, тиешелүүлүгүнө жараша парламенттин, маслихаттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу күчөтүлөт. Мындан тышкары, эң маанилүү оңдоолордун бири – азыр жердин ээси эл болуп калды. Мурда Конституцияда жер мамлекеттики деп айтылса, азыр эл. Дагы бир маанилүү демилге Конституциялык кеңешмени, конституциялык сотту трансформациялоону, адам укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктарды күчөтүүнү жана бир катар башка өзгөртүүлөрдү артыкчылыктуу деп эсептеген укук коргоо блогун күчтөндүрүүгө басым берилип жатат.

Казакстан Элдери Ассамблеясынын 31-сессиясында Президент референдум өткөрүү ар бир казакстандыкка өлкөнүн тагдырына түздөн-түз катышууга, ар тараптуу демократиялаштырууну күчөтүүгө жана жаңы Казакстанды түзүүгө мүмкүндүк берерин белгилеген.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков