Казакстанда 9 белгилүү дүйнөлүк университеттин филиалдары ачылат

Казакстанда 9 белгилүү дүйнөлүк университеттин филиалдары ачылат

Бул тууралуу Астанада өткөн Азия университеттери альянсынын саммитинде айтылды. Белгилей кетсек, буга чейин Казакстандын аймактарында төрт эл аралык университет өз филиалдарын ачкан. Ошол эле учурда билим берүү мекемелерин жабдуу, илимий лабораторияларды түзүү иштери жүрүп жатат. Өкмөт башчы белгилегендей, дүйнөдөгү тенденцияларды эске алуу менен Казакстан 2027-жылга чейин илимий изилдөөлөрдү каржылоо деңгээлин ИДӨдүн 1%ына чейин жеткирүүнү көздөп жатат. Мунун менен бирге Өкмөт жогорку окуу жайлардын санариптик архитектурасын калыптандыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул эмгек рыногунда ата мекендик адистердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков