Атырау облусунда шамал электр станциясы салынып жатат

Атырау облусунда шамал электр станциясы салынып жатат

Жаңы объектти теке айына чейин бүткөрүү пландалууда. Азыр 500 гектардан ашык аянтка шамал генераторлору жана алардын канаттары орнотула баштады. Долбоордун алкагында 24 шамал генератору саатына 48 миң кВт электр энергиясын иштеп чыгат. Белгилей кетсек, облустун электр энергиясына болгон муктаждыгы саатына 732 мегаватты түзөт. Учурда Атырау Жылуулук электр борбору 414 МВт энергия өндүрөт. Калганы Мангыстау АЭСинен жана Орусиядан алынып келинет. Облустагы альтернативдик энергетика долбоорлорунун аркасында электр энергиясынын тартыштыгын чечүүгө болот.

Куаныш Конысбаев, участка башчысы:

Азыр биз акыркы этаптабыз. 2023-жылдын биринчи жарымында бүтүрүүнү пландап жатабыз. 24 агрегатты монтаждоо аяктады. Подстанциянын курулушу да бүттү. Долбоордун аягында шамалдын ылдамдыгы 6 м/сек болсо, ар бир аппарат 2 МегаВт ток берет.

Бекадил Жайкин, Макат районунун акиминин орун басары:

- Жайкысын электр жарыгы жок көйгөй жаралып, элдин атынан арыздар түшүп жатты. Бул долбоор ишке ашса, райондун жана айылдык конуштардын тургундарын электр энергиясы менен толук камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков