Казакстандын ресурстук дарамети артып келүүдө. Өлкөдө жыл башынан бери эле жүргүзүлгөн геологиялык чалгындоо иштеринин жыйынтыгы боюнча 22 жаңы кен аныкталды. Быйыл биринчи жолу катуу пайдалуу кендердин 12, көмүр суутек чийки затынын 4, ошондой эле жер астындагы суулардын 6 кен жайы катталган. Натыйжада курамында алтын, күмүш, жез, цинк, темир рудасы, коргошун, вольфрам, хром, молибден жана марганец сыяктуу пайдалуу кендердин корлору бар кендер мамлекеттик реестрге катталды. Белгилей кетсек, Казакстанда сейрек кездешүүчү металлдардын 100дөн ашык кен жайы аныкталган. Ошол эле учурда республикада жер казынасын пайдалануунун бирдиктүү платформасы иштеп жатканын эскерте кетели. Заманбап система Казакстандын аймагын геологиялык жана геофизикалык изилдөөлөрдүн 56 миңден ашык электрондук эсебин камтыйт. Бул кызыккан адамга керектүү отчет менен онлайн режиминде таанышууга мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

