Казакстан быйыл 2,6 миллион тонна буудай экспорттоду

Казакстандын Кытайга буудай экспорту 66%га өстү. Үстүбүздөгү жылдын 5 айында эле КЭРна 254 миң тонна дан жөнөтүлгөн. Ошондой эле ата мекендик айыл чарба өнүмүн импорттоо көлөмүн Өзбекстан, Тажикстан, Италия жана Ооганстан мамлекеттери да көбөйтүүдө. Жалпысынан үчтүн айы – бугу айларында 2,6 миллион тонна буудай экспорттолгон. Суроо-талаптын өсүшү менен республикада жаңы дан кампаларын куруу жана иштеп жаткандарын кеңейтүү боюнча комплекстүү чаралар көрүлүп жатат. Мисалы, 2024-2026-жылдары 30 миң тоннадан ашык 5 дан кампасын ишке киргизүү мерчемделген. Тармактык министрлик бүгүнкү күндө Казакстанда 6 миллион тонна дан кору бар экенин билдирди. Анын 5 миллион тоннасы буудай.

Которгон: Илгиз Жамалбеков