Казакстандын
чабандестери казак жылкысынын тукумун сактап калуу үчүн мамлекеттен колдоо
алышат. Тиешелүү документке өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Өлкөнүн
Айыл чарба министрлигинен
билдиришкендей, субсидия спорттук мелдештерге, тоют жана башка
керектүү шаймандарды сатып алуу максатында берилет. Ал үчүн республикалык жана
жергиликтүү казынадан мамлекеттик чыгымдарды көбөйтүү каралып жатат. Белгилей
кетсек, тиешелүү мекеменин маалыматы боюнча, бул багытта бүгүнкү күнгө чейин
акча каражаты бөлүнгөн эмес. Бүгүнкү күндө республикада 270 баш таза кандуу
костанайлык спорт жылкылары бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков