Энергетикалык борборлор мамлекеттин менчигине кайтарылышы керек. Мындай тапшырманы президент премьер-министр Алихан Смаиловго берди. Шалаакылыктын айынан ЖЭБте авариялар көп болуп, эл кыйналып жатат. Экибастуздагы кырдаалдан кабардар болгон Касым-Жомарт Токаев шаар тургундарынын абалына тынчсыздануусун билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, жарандардын жашоосуна көйгөй жаратып, укуктарын бузууга жол берилбеши керек. Президент Өкмөткө жана облустук администрацияга жакынкы күндөрү Экибастуздагы кырдаалды жөнгө салып, күнөөлүү адамдарды жоопко тартууну тапшырды. Белгилей кетсек, кечээ кечинде Экибастузда техногендик сыпаттагы өзгөчө абал жарыяланган. Өзгөчө кырдаал режими оңдоо иштери аяктаганга чейин күчүндө болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков