Мындан ары өлкөнүн борбордук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тургундар менен жолугушууларды “бетме-бет, ачык баарлашуу” түрүндө гана өткөрүүгө милдеттүү. Премьер-министр Алихан Смаилов элдин үнүнө кулак салуу, башкача айтканда, муктаждыктарын, көйгөйлөрүн уга билүү керектигин айтат. Аймактарга болгон жумушчу сапарларында министрлер жарандарды жеке кабыл алып, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен жолугушат. Анда көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн чечилиши расмий интернет булактарына жайгаштырылат. Эл менен жолугушуунун жаңы форматына ылайык, акимдер түйшөлткөн түрдүү көйгөйлөрдү чогултуп, аларды каржылоо мүмкүнчүлүгү маслихатта талкууланат. Жолугушууларга эркин кирүү принциби сакталышы керек.
Алихан Смаилов, Казакстандын премьер-министри:
- Мына ушундай жолугушуулардын жыйынтыгында гана эл тарабынан 30 миңге жакын маселе, сунуштар көтөрүлдү. Булардын бири дагы көз жаздымда калбоого тийиш. Көптөгөн көйгөйлөр чечилип жатканын эл өз көзү менен көрүшү керек. Буга байланыштуу ушул жылдын аягына чейин борбордук жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан пландаштырылган калк менен бардык жолугушууларды бекитилген форматка жана графикке ылайык өткөрүүнү улантуу зарыл. Ар бир жолугушуу бүгүнкү күндө болгон бардык заманбап коммуникацияларды жана ресурстарды колдонуу менен кеңири жарыяланып турушу керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков