Мындай чечимди өлкөдө биринчилерден болуп Актау шаардык кеңеши чыгарды. Бул документ 10 күндөн кийин күчүнө кирет. Туристтик салык келген чет элдиктер үчүн мейманкана акысынын 1%ын түзөт. Бюджеттен түшкөн акча жергиликтүү туризмди өнүктүрүүгө жумшалат. Негизинен мындай тажрыйба дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө бар.
Гүлмира Абишева, Актау шаардык маслихатынын депутаты:
- Мындай тажрыйба дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, мисалы, Грузияда, Чехияда, Бириккен Араб Эмираттарында колдонулат. Бул өлкөлөрдө салымдын көлөмү ар кандай. Ал эми Актау шаарында 1% деп бекиттик. Аталган аймакка келген туристтердин саны көбөйгөнүн эске алсак, салымдан түшкөн киреше дагы көбөйөөрүнө ишенебиз.
Айрыкча жай мезгилинде өлкөдө туристтик сезондун кызуу учуру. Ага туристтик аймактар максималдуу түрдө камданып жатат. Маселен, Алакөлдөгү эс алуучу жайларга ички жана чет элдик саякатчыларды тартуу үчүн атайын жол картасы иштелип чыккан. Анда инфраструктура, экология жана коопсуздук маселелерин этап-этабы менен чечүү каралган.
Айдын Каримов, Абай облусу акиминин биринчи орун басары:
- Туристтерди тартуу максатында Алакөл жээгин өнүктүрүүнүн жол картасы иштелип жатат. Анда инфраструктура, экология, туристтердин коопсуздугу жана башка туристтерге ыңгайсыздык жараткан көйгөйлөрдү акырындык менен чечүү боюнча 40ка жакын чаралар каралган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков