Өзбекстанда курулуш тармагы жигердүү өнүгүүдө

Өзбекстанда курулуш тармагы жигердүү өнүгүүдө

Өзбекстанда курулуш индустриясы жигердүү өнүгүп жатат. Учурда Наманган облусунда курулуш материалдарын чыгарган 1300гө жакын ишкана бар. Мындан тогуз жыл мурда мындай өндүрүштүк жайлардын саны жүздөн ашкан эмес. Статистикалык маалыматтарга ылайык, өнөр жай ишканаларынын саны 4 эсе, өндүрүштүк кубаттуулугу 10 эсе өстү. Бул көрсөткүчтөргө газ блокторун чыгаруучу жаңы завод сыяктуу ири долбоорлорду ишке кошуунун эсебинен жетишүүдө. Ишкана план боюнча жылына 500 миң чарчы метр өнүм чыгарат. Газ блокторун жасоо үчүн жасалма материалдар колдонулат. Ошондуктан, алар жеңил жана экологиялык жактан туруктуу. Компания өкүлдөрүнүн айтымында, завод ишке киргенден кийин Борбор Азиядагы эң ири беш өндүрүш объектисинин катарына кирет.


Окибжон Иномов, Облус акиминин орун басары:


- Бул ишкана эркин экономикалык аймакта жайгашкан жана болжол менен 60 миллион доллар инвестиция тартты. Белгилей кетсек, ишкана имараттын чатырына орнотулган күн жылыткычтарынын эсебинен өзүн-өзү электр энергиясы менен толук камсыздайт.


Хусан Джабборов, Ишкананын мүдүрү:


- Биздин долбоорго эркин экономикалык аймактан 8 гектар жер бөлүндү. Өнүмгө суроо-талап жогору. Көп жылдар бою колдонууга болот. Ал уникалдуу өнүм болуп саналат. Газ блоктору жайкысын салкын, кышында жылууну кармап турат. Келерки айдан баштап өнүмдү жергиликтүү рынокко чыгара баштайбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков