192 өлкөнүн ичинен 2-орун. Казакстандын павильону Дубайда өткөн EXPO 2020 дүйнөлүк көргөзмөсүндө эң мыктылардан болду. Бул тууралуу QazEXPO конгресси билдирди. Биринчи орунду Германия ээлесе, Италия алдыңкы үчтүккө кирди. Жалпысынан көргөзмө ачылганга чейин Казакстандын павильонуна 1 миллион 617 миң адам келген.
Белгилей кетсек, Казакстандын павильону Бириккен Араб Эмиратындагы башкы павильондун жанындагы «Мүмкүнчүлүктөр» тематикалык кластеринде жайгашкан. Анда келгендер Казакстандын дүйнөдөгү орду, тарыхы, маданияты, туристтик дарамети, экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен тааныша алышты. Сыртынан караганда павильон чыгыш стилинде жасалып, заманбап техникалык мүмкүнчүлүктөр менен толукталган. Павильондун кире бериш аркасы петроглифтер жана скиф-сак маданиятынын элементтери менен кооздолгон. Бул кооздукка өлкө 8 миллиард теңге жумшады. Дубайдагы EXPO 2020 көргөзмөсү 2021-жылдын тогуздун айынын 1де башталып, 2022-жылдын жалган куран айынын 31не чейин уланды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков