«Астана Опера» театры биринчи жолу Дубайда өнөрүн тартуулайт. Казакстандык өнөр уюмунун гастролдук сапары бештин айынын 13-17 аралыгында өтөт. Биринчи күнү «Дубай Опера» сахнасында ата мекендик театрдын симфониялык оркестри Dubai Festival Chorus чыгармачылык тобу менен Георг Фридрих Генделдин оратория жанрындагы белгилүү «Мессия» чыгармасын аткарат. Бул кечеге белгилүү дирижёр Роб Джонстон жетекчилик кылат. Кийин Казакстандын сахна мыктылары үч күн катары менен – бештин айынын 15, 16, 17синде жергиликтүү өнөр сүйүүчүлөрдүн назарына Юрий Григорович койгон айтылуу «Щелкунчик» балетин тартуулашат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков