Казакстанда 1 миллиард 300 миллион долларлык жер семирткич чыгаруучу завод курулат. Олжас Бектенов ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга түркиялык ESTA Construction компаниясы менен 2 жумага чейинки мөөнөткө тиешелүү инвестициялык келишим түзүүнү тапшырды. Өкмөт башчы компаниянын башкы мүдүрү Мустафа Топрак менен карбамид жана аммиак чыгаруучу жаңы ишкананын курулушун талкуулады. Мангыстау облусунда Курык деңиз портуна жакын жерде ири газ химиялык өндүрүш түзүлөт деп болжолдонууда. Заводдун жайгашкан жери кокусунан тандалган эмес – Каспий деңизи аркылуу өнүмдү экспорттоо үчүн оптималдуу шарттарды камсыз кылуу үчүн логистикалык артыкчылыктар эске алынган. Завод жылына 700 миң тоннага чейин карбамид жана 42 миң тонна аммиак өндүрөт. Бул өлкөнүн айыл чарба тармагын жогорку кошумча нарк менен камсыз кылат. Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө айыл чарба өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоо чаралары талкууланды. Азыркы учурда Казакстанда жер семирткичтердин наркынын 60% чейин жабуучу субсидиялоо программасы иштеп жатат, 2024-жылдын жалган куран айынан баштап алдын ала жардам берүү механизми киргизилген, анын аркасында каражаттар өнүмдү арзандатууга алдын ала өндүрүүчүлөргө которулат. Былтыр бул максатка 46 жарым миллиард теңге бөлүнсө, быйыл 35 миллиард теңге каралган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

