Казакстанда 9 айда ИДПнын өсүшү 3 пайызга жакынды түздү. Өкмөттүн жыйынында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалымат берип жатып, экономика министри Алибек Куантыров айтты. Ошентип, айыл чарба, маалымат жана коммуникация, курулуш, транспорт жана кампа, соода, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы тармактарынын оң тенденциясын көрсөтүүдө. Акыркы туруктуу өсүш бардык тармактарда байкалууда. Атап айтканда, машина курууда — транспорт каражаттарын, чиркегичтерди жана жарым чиркегичтерди чыгаруунун эсебинен. Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, өндүрүштүн көлөмү түстүү да, кара металлургияда да өскөн. Беш пайыздык өсүш транзиттик контейнердик ташууларда да байкалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков