Казакстан менен Ооганстан 106 миллион долларлык
коммерциялык документтерге кол коюшту. Бул макулдашуулар борбор калаада
өлкөлөрдүн бизнес-ассоциациялары жолугушкан форумдун алкагында түзүлдү. Мына
ушуга байланыштуу тараптардын өз ара алыш бериши жыл сайын артып келүүдө. Маселен,
өткөн жылы өз ара сооданын көлөмү эки эсеге өсүп, 1 миллиард долларга жеткен. Үстүбүздөгү
жылдын 6 айында бул көрсөткүч АКШ валютасында 343 миллионду түздү. Соода жүгүртүүнүн
90%ы, башкача айтканда, 334 жарым миллион доллар казак экспортунун үлүшүнө
туура келет. Ата мекендик ун экспортунун 70%ы Ооганстанга тиешелүү. Бул дагы
толук эмес. Ата мекендик ишкерлер аталган мамлекетке жөнөткөн өнүмдүн тизмесин
кеңейтүүнү көздөп жатат.
Серик Жумангарин, соода жана интеграция министри:
Диалогдук аянтча соода-экономикалык кызматташтыктын жаңы долбоорлоруна жана мындан аркы багыттарына негиз болду. Жакынкы келечекте биздин мамлекеттердин ортосундагы товар жүгүртүүнү 3 миллиард долларга жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Биздин эсептөөлөр боюнча, Казакстандын Ооганстанга 500 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү азык-түлүк, мунай-химия, металлургия жана унаа жасоо товарларын жеткирүү боюнча экспорттук мүмкүнчүлүктөрү бар.
Хайрудин Маер, Ооганстандын соода министрлигинин вице-министри:
Бүгүнкү жыйында Казакстан тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тарапка тең пайдалуу бир катар документтерге кол койдук. Мисалы, Казакстандан өлкөбүзгө айына 100 тонна буудай, 30-40 вагон күн карама майын импорттойбуз. Мындан тышкары Казакстандын аймагында ооган ишкерлеринин палатасын түзүүнү макулдаштык. Бул өз кезегинде эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө түрткү берерине ишенебиз.
Казакстан муну менен эле чектелип калбайт. Борбордук жана Түштүк Азиянын түйүнүндө жайгашкан өлкөнүн транзиттик жана транспорттук дарамети абдан чоң. Ооганстандын өкүлдөрү Казакстан үчүн Пакистан, Индия жана Жакынкы Чыгыш рыногуна коридор болууга даяр экендиктерин билдиришти. Соода, транспорт-логистика жана транзит өлкөлөр үчүн келечектүү тармактар экени анык. Кошумчалай кетсек, форумдун алкагында тараптар келечекте энергетика, инфраструктура жана телекоммуникация тармагында кызматташууну макулдашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков