Казакстанда жеке ишкердик 25%га өстү

Казакстанда жеке ишкердик 25%га өстү

Казакстанда өз бизнесин ачууну каалагандардын саны өсүүдө. Айрыкча бул жаңы тенденция акыркы жылы рекорддук деңгээлге жетти. Жеке ишин баштагандардын саны дароо 25%га өстү, натыйжада бүгүнкү күндө өлкө боюнча бир жарым миллион чакан бизнес субъекттери катталган. Улуттук статистикалык бюронун маалыматына караганда, соода жана унаа оңдоо багытын тандагандар басымдуулук кылат. Бул жааттагы өсүш болжол менен 40%ды түзөт. Айыл чарбасы жана  балык чарбасынан пайда көрөм дегендердин саны аз эмес. Кыймылсыз мүлк менен операцияларды киреше булагына айландырууга бел байлагандар көбөйүүдө. Мамлекеттик башкаруу, коргонуу жана милдеттүү социалдык камсыздоо тармактары да көптөгөн адамдарга киреше булагын табууга жол ачты.

Нурдан Сакуов, «Атамекен» улуттук ишкерлер палатасынын аткаруучу катчысы, башкармалыктын мүчөсү:

Биздин серепчилер мындай өтө жогорку активдүүлүктү кошумча нарк салыгынын босогосунун кыскарышы менен байланыштырышат. Казакстанда бизнес-чөйрөнү жакшыртуу жана бизнес операцияларын оптималдаштыруу боюнча көптөгөн чаралар көрүлдү. Маселен, үчтүн айынын 1нен тарта өлкөдө салыктык отчеттуулуктун чеги 30 миңден 20 миңге чейин төмөндөтүлдү. Башкача айтканда, болжол менен 61 миң теңге. Көптөгөн программалар ишкердикти өнүктүрүүгө, анын ичинде чакан жеке ишкердиктин субъекттеринин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган. 2030-жылга чейин чакан жана орто бизнести жакшыртууга арналган атайын концепция бекитилди. Анда максималдуу каржылык жана каржылык эмес колдоо чаралары камтылган.

Бүгүнкү күндө ишкерлердин басымдуу бөлүгү Алматыда катталган. Астанада жана Түркестан аймагында көптөгөн жеке ишканалардын кластерлери бар. Талдоочунун айтымында, бул жаатта Улытау, Павлодар жана Түндүк Казакстан облустарынын тургундары активдүү болууга ашыкпайт.

Нурдан Сакуов, «Атамекен» улуттук ишкерлер палатасынын аткаруучу катчысы, башкармалыктын мүчөсү:

Жаңыдан түзүлгөн аймактарда көрсөткүч төмөн экени белгилүү. Бул тууралуу “Атамекен” Улуттук ишкерлер палатасы маалымдама жасаган. Негизинен ар бир аймактын өзүнүн экономикалык артыкчылыктары бар. Дал ошол багыттар бизнес жүргүзүү үчүн тартымдуу болот. Палата акимчиликтер менен биргеликте жергиликтүү аймакка багытталган атайын программаларды түзүүнү сунуштоодо. Ошондо ар бир аймактын бизнеси өзүнүн артыкчылыктарына жараша өнүкмөк.

Которгон: Илгиз Жамалбеков