Казак тилин үйрөнүүнү каалаган мекендештер үчүн онлайн класстар Түркия, Орусия, АКШ, Улуу Британия, Бельгия, Германия, Франция, Иран, Кыргызстан, Украина, Монголия жана Беларусь мамлекеттеринде ачылды. Мекендештер фондунун долбоору 2019-жылы башталган. Фонддун өкүлү Дидар Болаттын айтымында, өз эне тилин үйрөнүүнү каалагандардын саны жыл санап өсүп, бүгүнкү күндө 12 өлкөдө 31 онлайн класс туруктуу иштейт. Кошумчалай кетсек, дарстар 7 өлкөдө оффлайн режиминде өткөрүлөт.
Дидар Болат, «Мекендештер» фонду президентинин кеңешчиси:
- 2019-жылы даярдандык. Даярдык учурунда кээ бир өлкөлөрдө казак тилинин абалы боюнча изилдөө жүргүздүк. Кийин 12 өлкөнүн 24 шаарында казак тили класстарын ачуу чечимин кабыл алдык. Биз атайын окуу программабызды 2020-жылы 12 өлкөгө жабдууларды жеткирүү менен өзүбүздүн окуу программабызды баштадык. Мына эки жылдай болуп калды. Эки жылдын ичинде казак тили боюнча 1000ге жакын сабак өтүлдү. 2,5 миңге жакын бала катышты. Казак тили сабагы жумасына 2-3 жолу 4 сааттан өткөрүлөт. Сабактар төрт тилде - казак-орус, казак-англис, казак-түрк жана казак-перс тилдеринде окутулат. Бул Иран-Ооганстан мамлекеттерин кошуп алганда.
«Мекендештер» фонду дүйнөдөгү казактардын биримдигин чыңдоо максатында иш алып барат. 2021-жылы чет мамлекеттердеги улуттук маданий борборлор, казак бирикмелери жана мекемелери менен маданий-гуманитардык жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле, кеңейтүү максатында 20 өлкөдөн 4500дөн ашык мекендештердин катышуусунда кырктан ашык иш-чара уюштурулду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков