Олжас Бектенов WorldSkills Kazakhstan кесиптик чеберчилик боюнча чемпионаттын катышуучулары менен жолугушту

Олжас Бектенов WorldSkills Kazakhstan кесиптик чеберчилик боюнча чемпионаттын катышуучулары менен жолугушту

Казакстандын борборунда Улуттук компетенция борбору түзүлөт. Ал бизнес менен билим берүү мекемелеринин өз ара аракеттешүүсү үчүн аянтча катары кызмат кылат. Ошондой эле эл аралык кесиптик сынактарга даярдоо, студенттердин көндүмдөрүн колдоо жана өнүктүрүү үчүн окуу базасы болуп калат. Өкмөт башчы окуу-агартуу министрине акимчилик менен биргеликте WorldSkills Kazakhstan чемпионатынын катышуучулары менен жолугушууда жаңы борбор курууну тапшырды. Белгилей кетсек, колледждин студенттери арасында тармактык Жумуш кесиптеринде компетенттүүлүк деңгээли боюнча мелдештер болуп өттү. Олжас Бектенов белгилегендей, президент тарабынан жарыяланган «Жумушчу кесиптер жылы» бүтүндөй өлкө үчүн техникалык жана кесиптик билим берүүнүн маанилүүлүгүн далилдейт. Муну жаштар да түшүнөт. Ал жогорку натыйжаларга багытталган.


Ринат Сергазы уулу, студент:


- Азыр дүйнөдө кыш коюучу сыяктуу кесип өтө сейрек кездешет. Болбосо ал абдан керектүү, көп нерсе адистикке байланышкан. Мен өзүмдүн билимим, акылым менен чет жерде өлкөнүн намысын коргогум келет.


Аяулым Акылбек, студент:


- Келечегибизди өзүбүз курабыз. Андыктан баары өзүбүздүн колубузда. Бул үчүн WorldSkills бизге жардамга келет. Мен бул сынакка катышканыма абдан кубанычтамын. Мен Астананын атынан ушундай жоопкерчилик алганыма сыймыктанам. WorldSkills Казакстанда көбүрөөк өнүккөн деп ойлойм. Анткени WorldSkills жардамы менен биз дүйнөгө чыга алабыз.


Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстанда жумушчу кесиптер үчүн кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда. Быйыл бюджет эсебинен колледждерге 142 миңден ашуун студент кабыл алынды. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 1,5 эсе көп. Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, 6 жылдан кийин техникалык адистерге муктаждык 1 миллионго жакын жумушчуну түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков