Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө мунай ташуунун экспорттук каттамдарын андан ары ар тараптандыруу жана Транскаспий эл аралык транспорттук каттамын өнүктүрүү улантылууда. Бул иш изилдөөлөрдү, эсептөөлөрдү жана башка зарыл чараларды жүргүзүү үчүн белгилүү бир убакытты талап кылат. Ошол эле учурда тиешелүү мекеме Казакстанда мунай өндүрүүнүн өсүшүн эске алуу менен кошумча каттамдарды өнүктүрүү алардын дараметине, экономикалык максатка ылайыктуулугуна жана техникалык факторлоруна жараша болорун билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков