Казакстан 4 мамлекеттен жашылча-жемиш импорттойт

Казакстан 4 мамлекеттен жашылча-жемиш импорттойт

Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында айтылды. Бирок, кышында адаттагыдай эле кээ бир бакча өсүмдүктөрү жетишсиз сезилет. Сабизге эки миң тоннадай, эрте бышуучу жашылчаларга эки эсе көп муктаждык бар экени айтылды. Ички рынокту аталган өнүмдөр менен толуктоо максатында 4 мамлекет менен импорттук келишимдер түзүлдү. Атап айтканда, Пакистан, Тажикстан, Иран жана Өзбекстандын бизнес чөйрөсү менен B2B (би-ту-би) жолугушуулары өткөрүлдү. Акыркысы менен ал тургай жеткирүү боюнча жашыл коридор да уюштурулган. Соода тармактары бул мамлекеттерден 9 миң тоннадан ашык жашылча ташууну иштеп чыгышты. Бул биринчи кезекте оор мезгилде жашылчалардын кымбатташына жол бербөө жана бааны турукташтыруунун камылгасы,- дешет өкмөт өкүлдөрү.

Серик Жумангарин, соода жана интеграция министри:

- Бааны турукташтырууга бардык негизги соода тармактары катыша тургандыгын белгилегим келет. Жергиликтүү аткаруу органдары баанын сезондук өзгөрүшүнө жол бербөө үчүн импорттук жашылчаларды  жеткирүү боюнча аймактык соода тармактары менен өз убагында келишимдерди түзүүнү камсыз кылууга тийиш.

Которгон: Илгиз Жамалбеков