Борбордо кол өнөрчүлөр кароо-сынагы башталды. Долбоор казакстандык колдонмо өнөр чеберлерин, кол өнөрчүлүк менен чыгармачылык индустрия өкүлдөрүн тааныштырууну, ата мекендик өнүмдөрдү экспорттук рынокторго илгерилетүүнү көздөйт. Катышуучулар калыстар тобунун мүчөлөрүнөн, көл өнөрчүлүк, дизайн, мода, туризм жана башка чыгармачыл адистерден, серепчилер менен инсайдерлердин мастер-класстарынан пайдалуу кеңештерди ала алышат. Уюштуруучулардын катарында «Kazakh Tourism» улуттук компаниясы бар.
Талгат Аманбаев, «Kazakh Tourism» УК АК Башкармалыгынын төрагасы:
- Негизги жумуш эми башталып жатат. Азыр коомдо «казакстандык толкун» деген жакшы бир сөз пайда болду. Бул сөздүн түпкү мааниси казак маданиятын сыртка таанытуу, өнүктүрүү. Казакстанды таанытуу биздин спортчулар, креативдүү дизайнерлер, диджейлер, атүгүл буга чейин таанылып калган киберспортчуларыбыз аркылуу жүзөгө ашуусу мүмкүн. Ушул багытта креативдүү адамдарды колдоо боюнча тутумдук чараларды ишке киргизүү үчүн мыйзамдык базаны өзгөртүүнү көздөйбүз. Андыктан кароо-сынак аркылуу жаштарыбызга, таланттуу өнөрпоздорубузга кызыгууга түрткү беребиз - деп ойлойм. Сынактын атайын акчалай сыйлыгы дагы бар, аны менен өнөрлүүлөр өздөрүн көрсөтүүгө мотивация алаарына үмүттөнөм.
Кароо-сынактын жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыктар менен катар өз өнүмдөрүн долбоордун демөөрчүлөрүнүн колдоосунда илгерилетүүгө мүмкүндүк алышат. Алардын ысымдары аяк оонада белгилүү болот.
Которгон: Субанбек Исмакеев