Казакстанда жаңы логистикалык хаб түзүлөт

Казакстанда жаңы логистикалык хаб түзүлөт

Казакстанда дагы бир логистикалык хаб түзүлөт. Аны Актөбө облусунда ачуу пландалууда. Долбоор аэропорттун базасында жайгашат. Тиешелүү меморандум түрк инвесторлору тарабынан жактырылды. Чет элдик компания 160 миллион доллар инвестиция салат. Аянты 500 миң чарчы километр болгон Контейнердик хаб жабык жүк ташуучу терминалдардан, контейнерлер үчүн унаа токтотуучу жайдан, жүктөрдү сактоо жана кайра иштетүү терминалынан, контейнерлерди темир жолдорго жана башка багыттарга бөлүштүрүүчү аймактардан түзүлөөрү пландаштырылууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков