Объекттин аянты 50 гектарды түзөт. Жергиликтүү илимпоздордун айтымында, ал жерде 200 бөкөндүн баласын багууга болот. Алар туулганда эле балдар аянтчага алынып келинет. Кийинчерээк адистер жабык шартта ак бөкөндөрдүн айлана-чөйрөгө ыңгайлашуусун жана жасалма азыктандыруу ыкмаларын текшерип, алардын физиологиялык өзгөчөлүктөрүн, оорунун түрлөрүн изилдешет. Белгилеп кетсек, ак бөкөндөрдүн балдарын колго үйрөтүү тажрыйбасы көптөн бери эле бар. Анын аркасында Улытау облусунда ак бөкөн фермасы салынды. Бүгүнкү күндө окумуштуулар өз изилдөөлөрү менен бөлүшүүгө даяр. Келечекте талаа кийиктери үчүн ак бөкөндөр фондун түзүү көздөлүп жатат.
Алжан Шамшидин, айыл чарба министрлиги алдындагы илимий-техникалык кеңештин мүчөсү:
- Азыр бардык материалдарды алдык. Жазында кардын кетиши менен кандай курулуш жүргүзүүгө болот, дароо аянтчаны салып баштайбыз. Норма боюнча жакшы азыктандырылса, ар гектардан 3—4 баш багууга болот. Кийик бири төлдөгөн кезде, бири тууйт. Экинчи төлдөгөн учурда милдеттүү түрдө экиден туушат. Үчөөдөн да болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков