Казакстанда жыл башында 16 миллиард тоннадан ашык ар кандай калдыктар жыйналган. Белгилей кетсек, бул көрсөткүчкө радиоактивдүү калдыктар, техногендик минералдык түзүлүштөр жана кырылган тоо тектери кирбейт. Айлана-чөйрөнү коргоо маалымат-аналитикалык борборунун маалыматы боюнча, мамлекеттик кадастрда 13,5 миллиард тонна таштанды жана 2,8 тонна зыяндуу калдыктар катталган. Бирок уруксат этилбеген таштандылардын санын эске алганда, чыныгы маалымат мындан да башкача болушу мүмкүн.
Жанат Самат, РКнын ЭГТРМ алдындагы айлана-чөйрөнү коргоонунун маалыматтык-талдоо борборунун башкы мүдүрү:
- 2020-жылы өлкө боюнча 8 миңден ашык мыйзамсыз таштанды жайлары аныкталган, алардын 40%ы Акмола, Караганды жана Чыгыш Казакстан облустарында жайгашкан. Бул маалымат бизге жергиликтүү экологияны коргоо департаменттеринин рейддери, ошондой эле, алдыңкы IT-технологиялар аркылуу белгилүү болуп жатат.
Борбор калаада мындай IT-технологияларды, атап айтканда, курулуш калдыктарын санариптик башкаруу жигердүү колдонулууда. Бүгүнкү күндө борбордун 800 чарчы чакырымынан ашык аянты санариптештирилди. Санарип картада тармактардын чиймелери, жолдор, топография, аэрография, жашыл аймактар жана таштанды полигондору көрсөтүлгөн. Ага жараша анын жардамы менен таштанды калдыктары чогултулган жайларды көзөмөлдөөгө болот.
Жанат Самат, РКнын ЭГТРМ алдындагы айлана-чөйрөнү коргоонунун маалыматтык-талдоо борборунун башкы мүдүрү:
- Жаңы экологиялык кодекстин киргизилиши менен биздин калдыктарды жүктөөчү классификаторубуз бүгүнкү күндө калдыктардын бардык түрлөрүн камтыйт. Ошондой эле, жаңы заманбап IT чечимдерди колдонуу, космомониторингдин жардамы менен биз аталган көйгөйдү жогорку деңгээлде чечебиз деп ишенебиз.
Жанат Саматтын айтымында, таштанды маселесин чечүүнү кийинкиге калтырбоо керек. Мындан ары өлкөнүн бардык аймактарында таштандыларды көзөмөлдөгөн санарип башкаруу системасын киргизүү зарыл.
Которгон: Илгиз Жамалбеков