Быйыл Казакстанда 8 креативдүү индустрия борбору ачылат. Жаңы объекттер жыл аягына чейин Алматы шаарында жана бир катар аймактарда курулат. Ошондой эле өлкөдө бул тармакты өнүктүрүү үчүн алдыңкы чыгармачыл жана билим берүү уюмдарынын катышуусу менен атайын фонд түзүлөт. Башкы максаты-таланттуу адамдарды тандоо, ар кандай сынактарды уюштуруу жана долбоорлорго инвестицияларды тартуу. Мындан тышкары, фонд казакстандык жаңы демилгелердин дүйнөлүк мейкиндикке чыгуусуна жана автордук укуктарды коргоого өбөлгө түзөт. Жалпысынан учурда өлкөдө бул багыт активдүү өнүгүүдө. Чыгармачыл индустриянын борборлорун түзүү 12 региондо координацияланат. Белгилей кетсек, өткөн жылы Казакстан глобалдык инновациялык индекстин натыйжасында «креативдүү өнүмдөр жана кызматтар» көрсөткүчү боюнча 93-орундан 65-орунга көтөрүлгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

