Michelin жылдыздуу ашпозчулардын окутуучулары кызматташтык орнотот

Michelin жылдыздуу ашпозчулардын окутуучулары кызматташтык орнотот

Казакстанда гастрономиялык туризм популярдуу болууда. Адистердин айтымында, буга өлкөнүн ашпозчулук салттарынын көп түрдүүлүгү өбөлгө түзөт. Өлкөдө бир гана улуттук тамак-аштардан эмес, кытай, түрк, орус жана башка улуттук тамак-аштардын даамын татууга болот. Мындан тышкары, башка улуттардын тамак-ашына казактын улуттук тамак-ашынан кем көңүл бурулбайт. Атап айтканда, жакында Алматыга француздардын атактуу ашпозчулук мектебинин өкүлдөрү келип кетишти. Алардын бүтүрүүчүлөрү бир нече жолу Michelin жылдыздарынын ээлери аталды. Чет элдик ашпозчулар казакстандык окуу жайлары жана ресторан бизнеси кафедралары менен кызматташууга ниеттенүүдө. Мастер класстардын жүрүшүндө студенттер ашпозчулук лайфхактар, кайталангыс уникалдуу рецепттер жана Бешинчи Республиканын гастрономиялык сырлары менен тааныша алышат. Өз кезегинде француздар улуттук тамактарды жана деликатестерди жасоонун өзгөчөлүгүн үйрөнүүнү каалашат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков