Ал 16,75% деңгээлинде калды. Чечим каржылык жөнгө салуучунун жаңыланган божомолдорунун, маалыматтарды талдоолордун, ошондой эле инфляциялык тобокелдиктердин балансына баа берүүнүн негизинде кабыл алынган. Ага геосаясий кырдаалдын жана анын кесепеттеринин белгисиздиги түрүндөгү экологиялык факторлор, ошондой эле дүйнөдө азык-түлүккө болгон баалардын туруктуу жогору болушу негиз болгон. Белгилей кетсек, базалык чен боюнча кезектеги пландуу чечимди Улуттук банк чын куран айынын 7де жарыялайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков