Казакстан Актөбөдөгү америкалык үчүн экинчи мекени болуп калды

Казакстан Актөбөдөгү америкалык үчүн экинчи мекени болуп калды

Массачусетс штатынын тургуну Нейтан Лоулер республикада дээрлик он жылдан бери жашайт. Астанада бир жыл иштегенден кийин Актөбөдөгү окуу жайлардын бирине которулган.

Нейтан Лоулер 46 жашта. Американын кичинекей Ньюберипорт шаары, Массачусетс штатынан.

Казакстанда англис тилинен сабак берген мугалим. Ал балдарды кызыктырганга аракет кылат.

Диас Мейрам, окуучу:

Мага англис тили жагат. Анын сабактары өтө кызыктуу, анткени ар түрдүү оюн түрүндө өтөт. Ошондуктан биз чет тилин тез үйрөнүп алабыз деп ойлойм.

Он жылдан бери Нейтан мырза казак тилин мыкты өздөштүрүп, улуттук тамак-аштан даам татып жүрөт.

Нейтан Лоулер, англис тили мугалими:

Казактар ​​чай көп ичет, мени да үйрөтүштү. Мен дагы куурдакты жакшы көрөм, анда үйдүн эти жана картошка көп. Мен бул тамакты күнүгө жегенге даярмын. Мен үчүн казакча сүйлөөнү үйрөнүү өзгөчө маанилүү болду.

Лоулерге Казакстанда үй-бүлөлүк байланыштар жагат, 18 жаштан кийин казакстандыктар көбүнчө ата-энелери менен жашап калышат, бул АКШда көнүмүш эмес. Нейтан өлкөнүн жарандары тез тил табышып, баарлашып, адамга кызыгып, көп суроолорду берип жатканына абдан сүйүнөт.

Нейтан Лоулер, англис тили мугалими:

Мага Казакстан абдан жагат, мамлекеттик майрамдарды жакшы көрөм, жакында Республика күнүн белгилейбиз. Өлкө тууралуу алгачкы таасирлерим абдан жакшы болду.

Нейтандын айтымында, Казакстанга келгенден кийин ал өлкөнүн өнүгүшүнө таң калган. Ал дээрлик бүт батышты кыдырып, Таразда, Түркестанда, чоң-кичине шаарларда, айылдарда болуп, жерди абдан жактырган. Жаш жигит досторуна бардыгын өз көзү менен көрүү үчүн өлкөбүзгө келүүлөрүнө кеңеш берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков