Казакстанда жакынкы келечекте калкты тейлөө борборлоруна муктаждык болбойт. Бул тууралуу санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри Багдат Мусин өкмөттүн жыйынында билдирди. Бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматтардын басымдуу бөлүгү адистештирилген борборлорго кайрылбай эле онлайн режиминде алууга болот. Тармактык министри 2024-жылга чейин жарандарга дистанциялык консультация жана кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк берген «Видео КТБ» долбоорун ишке ашырууну сунуштоодо. Бул видео ыкма аркылуу 13 кызмат жеткиликтүү. Жыл аягына чейин алардын санын 63кө жеткирүү пландалган. Ошондой эле, Багдат Мусин кардарларды тейлөө борборлорунда QR аркылуу БАЖ салыгын төлөө мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү көздөп жатат.
Багдат Мусин, Казакстандын санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри:
- Биз калкты тейлөө борборлорунда QR аркылуу БАЖ үчүн төлөө мүмкүнчүлүгүн киргиздик. Натыйжада 5 айдын ичинде жарандар 200 миллион теңгеден ашык акчаны үнөмдөштү. Белгилей кетүүчү нерсе, эгерде төлөмдөр мамлекеттик органдар жана башка жергиликтүү бийлик органдары тарабынан кабыл алынса, бардыгы QR аркылуу жүргүзүлүшү керек. Бул өз кезегинде жарандардын акчасын үнөмдөө менен чектелбестен, көмүскө экономиканы жоюуга дагы бир кадам болот.