Баш оона айынын 30 - Казакстан Республикасынын
Конституция күнү. 1995-жылдын бул күнү азыркы Конституция кабыл алынган. Эгемен
өлкөнүн өзгөчөлүгүн аныктаган алгачкы Баш мыйзам 1993-жылы кабыл алынганы
маалым. Андан бери мамлекетти түптөгөн негизги документ 5 жолу өзгөртүлгөн.
Тармак адистери жаңы нускалар өлкөнүн жана коомдун муктаждыктарын
канааттандырууга багытталганын айтышат. Адистер улуттук өзгөчөлүктү коргогон,
жарандардын коопсуздугун камсыздаган мыйзамдар азыркы тенденцияга ыңгайланышы
керек деп эсептешет. Дүйнөлүк тенденцияны кармануу демократияга негизделген
эгемен өлкөнүн башкы белгиси экени айтылат.
Тилеген Садыков, тарых илимдеринин доктору:
-Бүгүнкү күндүн Баш мыйзамы өзүнүн тарыхый ролун азыркы мезгилдеги Казакстан коомунун ички укуктук-закондук негизин аныктоочу документ катары аныктады, аны бардыгыбыз колдонуп жатабыз. Дагы да аныктайт. Экинчиден, эгемендүү, көз карандысыз мамлекет катары Казакстандын Конституциясы тышкы саясатыбыздын негизги багытын көрсөттү. Анын эң негизгиси дүйнөлүк коомчулукта өз орду бар, өз саясатын аныктаган эгемендүү өлкө экенибизди көрсөтүү. Ал да негизделип жатат.
Конституцияга былтыркы өзгөртүүлөр жалпы элдик референдумда жактырылган. Анын долбоорун белгилүү юристтер жана конституциялык укук жаатындагы талдоочулар иштеп чыгышкан. Маселен, конституциялык сот түзүү, мыйзамсыз мүлктөрдү кайтаруу, парламенттин 30%ын бир мандаттуу округдардан шайлоо демилгелери көтөрүлдү. Акыркылар үчүн «айтылган сөз ок менен барабар». Алар шайлоодо берген убадасына бекем болууга тийиш.
Марат Бешимов, Парламент Мажилисинин депутаты:
-Бир жылдан кийин элдин, коомдун алдында жооп бериши керек. Ал эми коом алардын ишин жакшы же жаман деп айта албаса аны кайтарып алууга укугу бар. Ошол себептүү биздин бир мандаттагы депутаттар өздөрүн бардык жерде, депутаттык суроо менен көрсөтүп жатышат. Бул абдан пайдалуу жана маанилүү. Анткени, элдин алдындагы жоопкерчиликти түшүнүү өтө зарыл. Ал эми партияларга келсек, менимче, ал тургай чоң 6 партиянын өткөнү да демократиянын принциптери.
Натыйжада Негизги мыйзамга өзгөртүүлөр конституциянын үчтөн бир бөлүгүн түздү. Негизинен башкаруунун супер-президенттик үлгүсүнөн президенттикке өтүү, ыйгарым укуктарды кайра бөлүштүрүү, парламенттин макамын күчөтүү, элдин мамлекет иштерине катышуусун кеңейтүү жана өлкө жарандарынын укуктарын коргоо жолдорун өркүндөтүү каралган. Буга жооптуу адамдар дароо сөздөн ишке өтүштү. Анын жемишин көрө турган күн алыс эмес, жакынкы келечекте, - дешет адистер.
Которгон: Илгиз Жамалбеков