Астанадан Бурабайга жаңы жылдык экспресс жол тартат

Астанадан Бурабай эс алуу жайына жаңы жылдык экспресс каттайт. Өзгөчө жасалган поездде 6 вагон бар. Анын экөө жаңы жылдык тематикада атайын казакстандык сүрөтчү тарткан картиналар менен кооздолгон. Мындан тышкары, экспресстин ичи балаты оюнчуктары, гирляндалар жана кар түрүндөгү фигуралар менен шөкөттөлгөн. Алар жүргүнчүлөргө жаңы жылдык атмосфера тартуулайт. 

Нариман Дүйсекеев, Жүргүнчүлөрдү ташуучу расмий өкүл:
- Майрамга карата кооздолгон поезд жаңы жылдык эс алуулар аяктаганга чейин жүрөт. Муну менен катар, быйыл майрам алдында Астана-Нурлы-Жол - Алматы, Алматы-Маңгыстау, Павлодар-Түркестан, Маңгыстау-Семей багыттарындагы поезддердин вагондору өзгөчө жасалгаланды. Жаңы жылдын башкы каармандары - Аяз ата менен Аяз кыз жүргүнчүлөрдү келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, белек-бекчектерин тапшырышат.

Ал эми кичинекей жүргүнчүлөр өздөрүнүн кыялдарын кагаз бетине түшүрүп, аны Аяз атанын өзүнө жиберүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бул үчүн вагондордо атайын почта кутучалары орнотулган. Бирок бул каармандардын өздөрү вагондордун ичинде казакстандыктар менен чет элдик туристтерди жекече куттуктайт.

- Жаңы жыл менен бардык казакстандыктарды куттуктайм. Өлкөбүздө тынчтык болсун! Элибизде биримдик болсун!

- Бардыгына жаңы жылдык маанай, жумушта, окууда ийгиликтерди каалайм. Үйүлөңөр аман болсун!

Туризм министрлигинин маалыматына караганда, былтыр жаңы жылдык электропоезд 16 миңден ашык жүргүнчүнү ташыган. Быйыл Аяз ата жана Аяз кыз менен бирге экспресс менен каттайбыз дегендер көп болот деп күтүлүүдө. Бул поезд аптасына 5 ирет жүрөт.