Касым-Жомарт Токаев Рим папасы Франциск менен видео байланыш режиминде сүйлөштү. Анда тараптар Казакстан менен Ватикан ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун келечегин, ошондой эле конфессиялар аралык ынтымакты жана диндер аралык диалогду өнүктүрүүнү талкуулашты. Үстүбүздөгү жылдын аяк оона айында борбор калаада өтө турган Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VII съездинин күн тартибине өзгөчө көңүл бурулду. Рим папасы президентке жолугушууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстанга расмий иш сапары менен бараарын жана дүйнөлүк, салттуу диндердин лидерлеринин VII съездине катышарын ырастады. Касым-Жомарт Токаев бул форум Казакстан үчүн маанилүү экенин белгиледи. Президент конфессиялар аралык ынтымактын жана биримдиктин казакстандык моделине токтолуп өттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков