Мажилис түрк мамлекеттери уюму келишимине киргизилген өзгөртүүлөрдү ратификациялады

Мажилис түрк мамлекеттери уюму келишимине киргизилген өзгөртүүлөрдү ратификациялады

Мажилис түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин аталышын түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөртүүнү ратификациялады. Эске салсак, чечим 2021-жылы кабыл алынып, 2022-жылы ага мамлекет башчылары кол койгон. Кайра өзгөртүү уюмдун макамын жогорулатуу жана мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү максатын көздөйт. Мындан тышкары, өзгөртүүлөр катчылыктын документтерин бекитүү функцияларын - Тышкы иштер министрлеринин кеңешине, акыркы чечимдерди кабыл алууну - мамлекет башчыларынын кеңешине бекитет. Муну менен катар түрк тилдүү мамлекеттердин аксакалдар кеңеши жөнүндөгү жобо Тышкы иштер министрлер кеңеши тарабынан «бекитилбей», «жактырылат».

Алибек Бакаев, Тышкы иштер министрлигинин орун басар:


- Казак тараптан аксакалдар кеңешинин курамына Икрам Адырбеков кирсе, калган өлкөлөр да өз өкүлдөрүн өздөрү аныкташат. Аксакалдар уюмунун башкы максаты-мамлекет башчыларынын жана башка уюмдардын тажрыйбалык кеңештерине көмөктөшүү.


Мындан тышкары, мажилис Түркестандын өзгөчө макамы тууралуу мыйзам кабыл алып, аны Сенатка жөнөткөн. Эске салсак, документ шаардын руханий-маданий, тарыхый жана туристтик борбору катары калыптанышына жана өнүгүшүнө укуктук шарттарды түзүүгө багытталган.


Которгон: Илгиз Жамалбеко