72 жаштагы саякатчы 4 миң чакырымды жөө басып өттү

72 жаштагы саякатчы 4 миң чакырымды жөө басып өттү

Улытаудан жөө чыккан саякатчы 4 миң чакырым жолду артка таштады. Эми дагы ушунча аралыкты багындырууга аттанат. Борбор калаага жеткен саякатчы - 72 жаштагы Сарсенбай Оспан уулу жөө сапарын мындан ары да улантат. Ага казак талаасын унаасыз багындыруу идеясы 6 жыл мурун келген. Карыянын айтуусу боюнча: «Улытауга бардыңбы?» деп аталган экспедициянын негизги максаты – республиканын тарыхый-географиялык борбору болгон кичи мекенин элге-журтка таанытуу жана жайылтуу, казакстандык прикладдык искусство чеберлери менен жолугушуп, эң негизгиси унутта калган «кымыз майрамын» даңазалоо. Сапарынын ортосуна жеткен Сарсенбай Оспан уулу жөө жүрүшүн быйылкы жылдын тогуздун -жетинин айларында Маңгыстау облусунда аяктоого ниеттенүүдө. Ал эми ден соолугу жакшы болсо келээрки жылы Меккеге барып ажылык милдетин аткарат.

Сарсенбай Оспан уулу, саякатчы:

- «Мээнетсиз пенсия жок» - дейт. Албетте кыйынчылыкты айта берсем, бир күн убакыт жетпей калат. Араба сынып, дөңгөлөктөрү жарылып, бут кийимдер жыртылган учурлар болду. Чарчоо, чарчабоо бул оболу кудай берген ден соолук, мени бүт эл колдоп турганда кантип чарчайм. Күчүмө күч кошулуп, алдыда аллах кубат берсе Меккеге барып ажылык кылуу. Андан ары да мүмкүнчүлүк болсо дүйнө жүзүн кыдырып, мекенибиздин атын чыгарып, Казакстан деген мамлекет, казак деген улут бар, анын тарыхы ушундай  - деп айтып, жайылтуу.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков