Парламент депутаттары каникулга тарады

Парламент депутаттары каникулга тарады

Казакстандык депутаттар эс алууга тарашты. Бүгүн парламент жетинчи чакырылыштын экинчи сессиясынын ишин аяктады. Эмгек сезонун төмөнкү палатанын спикери Ерлан Кошанов жыйынтыктады. Анын айтымында, бул сессияда 127 мыйзам долбоору талкууланып, анын 78и кабыл алынган. Мамлекет башчы кол койгон 66 мыйзам күчүнө кирди. Өз кезегинде аткарылган иштерге эл өкүлдөрү баа беришти.

Акмарал Алназарова, Казакстандын Парламент Сенатынын депутаты:

- Бүгүн Мажилис спикери өз баяндамасында парламентте айтылган бардык сунуштар элдин атынан жөнөтүлгөнүн, бул багытта иш улана бериши керектигин билдирди. Ошондуктан, эч кандай суроого жеңил-желпи карабоо керек. Бул жаатта президент беделдүү парламент жана отчет берген өкмөт тууралуу айтып келет. Андыктан, азыркы учурда биз бул ишти калыптандырып келүүдөбүз деп ойлойм. Менин оюмча аны экинчи сессиядагы белгилүү бир жетишкендиктер көрсөтүп турат.

Ошондой эле, депутаттар эс алуу учурунда аймактарды кыдырып, жарандар менен жолугушуп, актуалдуу маселелерди талкуулашат. Кийинчерээк ал көйгөйлөр парламенттин келээрки жыйынында каралат.

Ерлан Смайлов, Казакстандын Парламент Мажилисинин депутаты:

- Сиздер менден сурап жатпайсыздарбы, аймактарды кыдыргандан  эмне пайда? – деп. Биринчиден, жарандар менен бетме-бет жолугушуунун максаты – элди түйшөлткөн реалдуу көйгөйлөрдү угуп, билүү, ошондой эле аймактардагы абалды көрүп, өзгөрүүлөр барбы же жокпу билүү. Бул жолу мен Темиртау металлургдары менен жолугушууга, Шахтинск шаарына барамын. Караганды шахтерлеру менен да жолугушам! Биздин фракция, Казакстан Элдик партиясынын фракциясы профсоюздар менен тыгыз байланышта иш алып барат.

Үчүнчү сессия аяк оона айынын 1де башталат. Президенттин тапшырмасына ылайык, депутаттар жыл аягына чейин өлкөнүн экономикасынын жаңы моделин калыптандырууга, жарандардын социалдык кепилдиктерин камсыз кылууга жана бизнес менен ишкерлерди колдоого багытталган мыйзамдарды кабыл алууга тийиш.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков