450 миң контейнер. Мындай көлөмдөгү жүк өткөн сегиз айда Кытайдан Европага Казакстандын аймагы аркылуу ташылган. Евразия өнүктүрүү банкынын серепчилеринин айтымында, бул өнөктөш өлкөлөрдүн транспорт жана логистика жаатындагы аракеттери системага коюлганын көрсөтөт. Бул багыт боюнча контейнердик ташуунун негизги артыкчылыгы – жүк жеткирүү убактысында. Товар Европага эки аптанын ичинде келет. Ал эми деңиз жолдору менен бир айдан ашык убакыт талап кылынат. Ошол эле учурда Казакстандын аймагы аркылуу өтүүчү Борбордук-Евразиялык көлүнүн коридоруна суроо-талап жогору. Пандемия күч алып турган 2020-жылы Евразия экономикалык биримдиги мамлекеттеринин аймагы аркылуу темир жол менен ташуу 60 пайызга өскөн. Алдыдагы убакытта биримдик өлкөлөрү аркылуу товарлардын агымы кеминде үч эсе көбөйөт, дешет адистер. Бул багытта өнөктөш өлкөлөрдүн темир жол компанияларынын жалпы кирешеси жылына 10 миллиард долларга жетиши мүмкүн.
Тарас Цукарев, ЕАӨБнын интеграциялык изилдөөлөр борборунун жетекчиси:
- Орнотуучу аянтчалардын паркын жаңыртуу жана кеңейтүү зарыл. Бул транзиттик контейнерлердин агымын көбөйтүүгө шарт түзөт. Менимче, Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнө Түрксиб сыяктуу экинчи мега долбоорунун кереги жок. Транспорттук инфраструктуранын тар пункттарын кеңейтүү жөнүндө чечим кабыл алуу гана керек. Бул, биринчи кезекте, кошумча темир жол линиясын куруу, анын жанында электрлештирүү, чек ара аймактарындагы жүктөө-түшүрүү станцияларындагы иштерди оптималдаштыруу жана санариптик чечимдерди киргизүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков