Иш-чаранын жүрүшүндө уюм бир жылдык ишин жыйынтыктады. Уюм 16 программаны жүзөгө ашырган. Ошол эле учурда айыл чарба, биотехнология, генетикалык ресурстар, дан кору сыяктуу бир катар тармактарга тиешелүү 50гө жакын меморандумду бекиткен. Бул тууралуу Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюмунун башкы мүдүру Ерлан Байдаулет билдирди. Эл аралык форумга Швейцария, Пакистан, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Катар сыяктуу 20 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Талдоочулардын айтымында, уюм кыска убакыттын ичинде чоң дараметин көрсөтүп, ислам дүйнөсүнүн өлкөлөрүндө азык-түлүк коопсуздугу боюнча программаларды координациялоочу негизги аянтча боло аларын далилдеди.
Ерлан Байдаулет, азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюмунун башкы мүдүрү:
Жалпы стратегиябыз боюнча бизде 5 багытта 16 программабыз бар. Программаны ишке ашыруу оңой же жеңил иш эмес. Ал үчүн биргеликте иш алып барышыбыз керек. Муну 37 мамлекет колдоп жатат. Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө 57 мамлекет менен иштешип жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков