Актауда пальма табигый жол менен остүрүлүп жатат

Актауда пальма табигый жол менен остүрүлүп жатат

Актау борборундагы жашыл оазис. Эксперименталдык ботаникалык бакчанын адистери субтропикалык өсүмдүктү отургузушту. Чет элден келген пальмалардын үч түрү бакчага өзгөчө көрк кошуп турат. Эми казакстандык окумуштуулар аталган экзотикалык дарактардын аймакка ыңгайлашып кетүүсүнүн үстүндө иштеп жатышат. Маңгыстаунун климаттык көрсөткүчтөрүн изилдөө натыйжалары боюнча, бул аймакта соңку 10 жыл ичинде 280 күн бою жылуу температура сакталган. Адистерди термометрдин мындай көрсөткүчү кубандырат. Учурда Ботаникалык бактын кызматкерлери бактын сөңгөгүн атайын кездеме менен ороп, бир жарым метрлик пальмаларды кышка даярдоодо. Белгилей кетсек, бул тропикалык дарактар үшүккө чыдамдуу болуп саналат. Экзотикалык өсүмдүктөр минус 10 градуска чейинки температурага туруштук бере алат.

Акжүнис Иманбаева, ботаника багынын мүдүрү:

- Алгач температуралык режимге ыңгайлашсын деп, идиште 1-2 ай кармап олтурдук. Аяк оона айынан баштап отургуздук. Кыштын алдында жетинин айында жабабыз. Кышка даярдайбыз.

Латипа Кожамжарова, чөлкөм таануу илимдери кафедрасынын жетекчиси, профессор:

- Италиялык Альба, тропикалык лимон, ошондой эле, ананас, пальма түрлөрү, суккулент өсүмдүк түрлөрүн студенттер менен кенже Илимдер Академиясында өстүрүп, ушул табият менен жерге ыңгайлаштырабыз. Маңгыстауда имбирь, лимон сыяктуу өсүмдүктөр өспөйт деген туура эмес. Маракуйя, мисалы, жүзүм менен алмаштырылышы мүмкүн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков