Казакстанда ушул аптада бир нече эл аралык иш-чара өтөт

Казакстанда ушул аптада бир нече эл аралык иш-чара өтөт

Казакстанда «Түркестан – түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору» эл аралык туристтик форуму уюштурулат. Иш-чара тогуздун айынын 11де ыйык шаарда боло турган Түрк мамлекеттери уюмунун министрлеринин 8-жыйынынын алкагында өтөт. Жыйында уюмга мүчө жана көзөмөлдөгөн өлкөлөрдүн ири шаарларынын ортосундагы түз аба каттамдарын көбөйтүү, Жибек Жолунун туристтик дараметин жогорулатуу жана тармакты өнүктүрүү маселелери талкууланат. Ошондой эле, учурда өлкөдө Литва делегациясынын Казакстанга сапары уланууда. Ишкерлер тобу 2 күн бою соода-экономикалык, инвестициялык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуу боюнча пикир алмашат. Ал эми эртең Астанада Казакстан менен Польшанын тышкы саясат мекемелеринин тиешелүү бөлүмдөрүнүн саясий консультациялары пландалып жатат. Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы алакалардын чөйрөсүн кеңейтүүнү талкуулашат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков