Казакстан Түркияга гуманитардык жардам жөнөттү

Казакстан Түркияга гуманитардык жардам жөнөттү

Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен катуу жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн чатырлар, жылыткычтар, жылуу кийимдер жана башка керектүү буюмдар жөнөтүлдү. Жүк артылган учак Түркияга конду. Түркиянын тышкы иштер министри казак эли жиберген жардамды жылуу кабыл алып, ыраазычылык билдирди. Гуманитардык жардам аэропорттон түз эле Адыяман калктуу-конушуна жөнөтүлдү.

Ал эми Түркияда Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чукул штабы ишин улантууда. Медицина борборунун дарыгерлери күнү-түнү зилзаладан жабыркагандарга алгачкы медициналык жардамдарды көрсөтүүдө. Алардын катарында карагандылык дарыгер Алмагүл Алдабекова да бар. Көп балалуу эне кырсык болгон жерге куткаруучулар тобу менен биринчилерден болуп жеткен. Адис борборго күнүнө орто эсеп менен 35тен ашык жабырлануучу кайрыларын айтат.

Алмагүл Алдабекова, Караганды шаары медицина борборунун дарыгери:

- Ар кандай жаракат алган адамдар келишти. Арасында денесинен жаракат алгандар да бар. Аларга бардык алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү. Мындан тышкары психологиялык жардамга муктаж бейтаптар да бар. Аларга да колдон келишинче көмөктөштүк.

Белгилей кетсек, Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 38 миңден ашты. Кырсык болгон аймакта кеминде 56 миңден ашуун имарат талкаланган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков