Заманбап материалдарга басылып чыккан чыгыштын оймо-чиймелери, иллюстрациялык графика стилиндеги улуттук жомок каармандарынын сүрөтү түшүрүлгөн полотнолор жана этникалык мотивдеги аялдардын зер буюмдары. Мунун бардыгын «Казакстандын 100 жаңы ысымы» долбоорунун жеңүүчүсү - сүрөтчү, дизайнер жана заманбап иллюстратор Айгерим Карибаеванын уникалдуу эмгектеринен көрүүгө болот. Анын ар бир чыгармасы өз мекенинин маданиятына жана тарыхына болгон сүйүүсүн билдирүү канчалык маанилүү экендигин айтып тургандай.
Айгерим Карибаева, сүрөтчү, графикалык иллюстратор, дизайнер:
- Турмуш-тиричиликке керектүү буюмдар, кийим-кечектер. Чапандагы же бут кийимдеги орнаменттин чагылдырылышы, мунун бардыгы мен үчүн чексиз сулуулук болуп саналат. Мен аларды өз ишимдин өзгөчөлүктөрүнө таянып, заманбап ыкмалар менен өнүктүрсөм, мекендештерибиз менен катар чет элдиктердин дагы көңүлүн бурдурарымды билем.
Улуу Талаанын бай маданияты жана көчмөндөрдүн тарыхый мурасы Айгерим үчүн көөнөрбөс шыкка айланды. Анын 100дөн ашуун эмгегинен байыркы доордон азыркы мезгилге чейинки ар кандай учурдагы казак элинин жашоосун, ошондой эле, заманбап жана тренддеги түстөр менен чагылдырылган эмгектерин көрүүгө болот. Бүгүнкү күндө дүйнөдө Айгеримдин чыгармачылыгына делген суроо-талап чоң.
Айгерим Карибаева, сүрөтчү, графикалык иллюстратор, дизайнер:
- Бүгүнкү күнгө чейин менин эмгегимди 50дөн ашык мамлекеттин жарандары жеке сайтым аркылуу сатып алышты. Менин негизги милдетим - өз эмгегим менен маданиятыбызды жайылтуу деп эсептейм. Ошондой эле, 18 сүрөтүмдү Европага, АКШга, Азияга жана бир катар коңшу мамлекеттерге жөнөттүм. Көптөгөн чыгармаларым Лондонго жана Парижге кетти. Жакында эле Гонконгго жөнөттүк.
Айгеримдин айтымында, «100 жаңы ысым» долбооруна катышкан казакстандыктар өзүлөрүн коомчулукка тааныштырып гана тим болбостон, аны менен катар, өзүнүн ийгиликке жетүү жолдорун жана мекенине, каада-салттарына болгон урматын ачык жеткире алат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков