Келээрки аптада Казакстандын борбору дүйнөлүк масштабдагы иш-чара өткөрүлүүчү жайга айланат. Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин жетинчи курултайына 50 өлкөдөн 108 делегация катышат. Негизги талкуулана турган “Заманбап дүйнөдөгү руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды чыңдоодо диндердин ролу”, “Диний лидерлер менен саясатчылардын дүйнөлүк диндер аралык диалогду жана тынчтыкты илгерилетүүгө, экстремизм, радикализм жана терроризм, өзгөчө диний негизде каршы турууга кошкон салымы» маселелери болмокчу. Коомдун туруктуу өнүгүүсүнө аялдардын кошкон салымы да камтылган. Парламент Сенатынын төрагасы – Конгресстин катчылыгынын төрагасы Маулен Ашимбаев мамлекет башчыга иш-чарага даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди. Алдыда боло турган форум дүйнөлүк маалымат каражаттарынын көңүлүн бурууда. Азыркы тапта 200дөн ашык чет өлкөлүк жана 300дөн көп Казакстандын ЖМК өкүлдөрү аккредитациядан өтүшкөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков